Site icon Reporter.kg

Ошто сууга чөккөн жигиттин денеси бир жумадан кийин табылды

Ошто сууга чөккөн жигиттин денеси бир жумадан кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-августта Ош шаарынын Озгур айылында 26 жаштагы жигит каналга чөгүп кеткен. Аны издөө иш чаралары жүргүзүлүп, маркумдун денеси кечээ, 10-август күнү табылган. 

Куткаруучулар жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Exit mobile version