Site icon Reporter.kg

Ошто сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Араван районунда изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван районунда 8-август күнү Жаңы-Жол айылында агып өткөн Араван-Ак-Буура каналына 1970-жылы туулган Ж.Б. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Араван райондук №64 ӨКБдан 19 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, жергиликтүүлөрдөн 9 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:30да куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version