Ошто милиция кызматкери оту өчө элек тандырдын ичине кирип алган кишинин өмүрүн сактап калды — фото

Ошто милиция кызматкери оту өчө элек тандырдын ичине кирип алган кишинин өмүрүн сактап калды — фото

Ноокат шаарында милиция кызматкерлери түнкү рейд учурунда бир адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин «turmush» жазды.

Ош облусунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында түнкү рейд жүрүүдө. 28-декабрга караган түнү рейд учурунда милиция кызматкерлери Ноокат шаарында жайгашкан тамактануучу жайда самса жасоочу тандырдын ичинде калып калган адамды куткарышты.

Окуя болжол менен түнкү саат 01:15 чамасында болгон. Түнкү рейдде жүргөн милициянын участкалык кызматкерлери, тактап айтканда милициянын ага сержанты Эрмекбай уулу Өмүрбек жана өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын майору Уларбек Кожошев тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышкан. Башка кундөрү бул учурда аталган жайда от жагылбаганын билген милиция кызматкерлери «эмне күйүп жатты экен?» деп тандырдын ичин карашканда, эс-учун жоготкон белгисиз адамдын кийимдери күйүп баштаганын көрүшкөн. Милиционерлер ыкчам түрдө ал адамды тандырдын ичинен алып чыгышып, күйүп жаткан кийимин өчүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн жана тез жардам кызматын чакырышкан.

Эс-учун жоготкон адам өзүнө келип, учурда Ноокат райондук ооруканасында дарыланууда. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургуну А.А. экендиги аныкталды. Ал катуу суук болуп, үшүгөндүктөн тандырдын ичине кирип жатканын, тандырдын чогу өчпөгөндүктөн түтүнгө ууланып, эс учун жоготуп койгонун билдирди. Анын бут кийими жана сырткы кийими күйүп баштаганда милиция кызматкерлери байкап калышкан.

Түнкү рейд Ош облусунун бардык райондорунда жүргүзүлүүдө. Анын максаты — мал уурулукту, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, жол кырсыктарын жана башка кылмыштарды алдын алуу.

Рейд учурунда жергиликтүү тургундарга коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>