Site icon Reporter.kg

Ошто таң атпай жайлоого эс алууга бараткан 26 бала милицияга жеткирилди

Ош облусунда жайлоого эс алууга бара жаткан 26 бала милицияга жеткирилип, ата-энелерине айып салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 19-майда таңкы саат 04:00до Кара-Суунун милициясына балдар кичи автобус жалдап, Алай районунун Сары-Ой жайлоосуна эс алууга чыгып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Алардын артынан милиция кызматкерлери барып, балдар милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген. Ошондой эле алардын ата-энелери милицияга чакыртылган.

Милиция билдиргендей, эс алууга чыккандар Кара-Суу районундагы орто мектептин 10-классынын 8 окуучусу, Ош МУнун 1-курсунун 6 студенти, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун 1 студенти жана эч жерде окубаган 9 бала экендиги аныкталган.

Укук бузуулар кодексинин 74-беренесине ылайык, балдардын ата-энесине айып салынган.

Милициядан белгилешкендей, мыйзамга ылайык өспүрүм балдарга түнкү убакытта ата-энесинин коштоосусуз жүрүүгө болбойт.

Ошондой эле милиция мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мектептердин аймагынан тышкары «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүүгө тыюу салынган эскертет.

Exit mobile version