Ошто террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Ошто террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүүнүн үйүнөн бир катар далил буюмдар табылган.

“28 жаштагы Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну жашаган үйдү тинтүүгө алганда диний мазмундагы 16 китеп, 1 даана журнал, 4 диск, мобилдик телефондор жана «Белка» үлгүсүндөгү кош сайлуу ок атуучу курал алынган. Кылмышка шектүү Х.Д. «Жамаат таухид валь джихад» террордук уюмдун активдүү тарапкери экендиги аныкталды”, — деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катоого алынып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында буюмдар экспертизага жиберилген.
[su_image_carousel source=»media: 22573,22572″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>