Site icon Reporter.kg

Ошто токко урунган аскер каза болду

Ошто токко урунуп ооруканага түшкөн аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн  Башкы штабынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 23 жаштагы ефрейтор 8-декабрь күнү саат 19:30да каза болгон. Ал № 92843 аскердик бөлүктө келишимдик негизде кызмат өтөп келген.

Аскер кызматкери 4-декабрда тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда  токко урунган.

Бул окуя боюнча Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жаткан.

Exit mobile version