Site icon Reporter.kg

Ошто тоодон кулап, бутун сындырып алган өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү

26-апрелде Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы тоолуу аймакта 2008-жылы туулган Сарыев Байхан кулап түшүп, жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуянын кесепетинен жабырлануучунун буту сынган жана башынан жаракат алган.

Кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, жабырлануучу жеринде алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү. Куткаруучулар өспүрүмдү тоодон түшүрүшүп, андан ары тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда жабырлануучу тиешелүү медициналык мекемеге жеткирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version