Site icon Reporter.kg

Ошто төрөт учурунда 30 жаштагы аял набыт болду

Ошто төрөт учурунда 30 жаштагы аял набыт болду. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Маалыматка караганда, кош бойлуу келин 25-мартта оор абалда төрөт үйүнө жеткирилген.

«Анын жүрөгүндө тешиги бар экен. Ага кесарева жасалып, ай-күнү жете элек ымыркайды алышкан. Баланын абалы туруктуу», — дейт мекеме.

Аял жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей 3-апрелде көз жумду.

Жыл башынан бери 5 аял төрөттөн каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version