Site icon Reporter.kg

Ошто тургун унаасы уурдалганын милициядан уккан. Окуянын чоо-жайы

Ош шаарында унаа уурдоого шектелип өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январь күнү саат 3:00 чамасында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жол тескөөчүлөр  «Мерседес-Бенц» унаасы тоскон. Бирок айдоочу токтобостон, качып кеткен.

«Жол тескөөчүлөр артынан кууп, кармаган учурда, Жалал-Абад шаарынын А.С. аттуу тургуну (жаш өспүрүм) автоунааны Ош шаарынын Урицкая көчөсүндө токтоп турган жеринен айдап чыкканын айтып, уурдап бара жатканы аныкталган. Айдоочунун жанынан унаа жүргүзүүчү атайын ачкыч алынган. Автоунаа атайын унаа токтотуучу короого токтотулуп, иш Ош шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Унаанын ичинде унаа ээсинин телефон номери болгондуктан, жол тескөөчүлөр ага байланышкан. Ошентип ал унаасынын уурдалганын милиция кызматкерлеринен уккан. Бирок жол тескөөчүлөргө «унаам үйдө» деп жооп берип, сыртка чыгып унаасын таппай калган. Окуянын чоо-жайын билген соң милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

«Унааны урдоого шектелген өспүрүм дагы бир унааны Жалал-Абадга алып барып койгонун айткан. Аталган өспүрүм дагы бир нече унааны уурдоого тиешеси болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version