Ошто тургун унаасын жылытуу үчүн жүргүзүп койгон жеринен уурдап кетишти

Ошто тургун унаасын жылытуу үчүн жүргүзүп койгон жеринен уурдап кетишти

Автоунаасын жылытып турууну көздөп, от алдырган боюнча таштап кеткен айдоочу автоунаасын уурдатты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда окуя 14-январда эртең менен саат 8:30дар чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айылында болгон. Анда «Деу-Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасынын кыймылдаткычын ысып туруусу үчүн от алдырып үйүнө кирип кетип, кайра аз убакыттан кийин эле чыгып таппай калган.

Аталган адам милиция арыз менен кайрылып, издөө иштеринин алкагында Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында Ош-Бишкек автожолунда башка адам айдап бара жаткан жеринен табылган. 

Автоунааны мурда бир нече соттолгон Т.К. аттуу 58 жаштагы адам айдап бара жаткан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

Ош шаарында мындай автоунаасын жылытуу үчүн жүргүзүп коюп үйүнө кирип уурдаткан 3 факты.

Ал эки автоунаа тең табылып ээлерине кайтарылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>