Site icon Reporter.kg

Ошто тургундан 3,1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы 40 жаштагы Б.С. аттуу жаран шаар тургунуна «Сага курулуш иштери менен алектенген компания ачып берем. Тааныштарым көп. Сага таандык компания ири мамлекеттик курулуштарды жүргүзөт» деп 3 млн 160 миң сом алып, алдап кеткен. Берген акчасын кайтара албаган тургун 2 жылдан кийин милицияга арыз менен кайрылган.

Милиция бул факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, шектүү катары Кара-Суу районунун 40 жаштагы Б.С. аттуу тургунун кармады.

Exit mobile version