Site icon Reporter.kg

Ошто тургунду 35 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

Ош облусунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

59 жаштагы М.Н. аттуу шектүү 12-апрелде кармалган. Ал буга чейин облус тургунун курулуш материалдарын алып келип берем деп 35 миң доллар алып, алдап кеткен деп издөөгө алынган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Exit mobile version