Ошто унаа жуучу жайда иштеп жүргөн 11-класстын окуучусу каза болду

Ошто унаа жуучу жайда иштеп жүргөн 11-класстын окуучусу каза болду

Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу «turmush.kg» өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Окуя унаа базардын жанындагы унаа жуучу жайлардын биринде катталган. Каза болгон бала Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылынын 2003-жылы туулган тургуну С.Т. болгон. Бирок Ош шаарындагы унаа жуучу жайда иштеп жүргөн.

Аталган окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов да тастыктады.

«10-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында Ош ШИИБге тез жардам кызматынын дарыгери унаа базардын жанындагы унаа жуучу жайда белгисиз адамдын жансыз денеси жатканын билдирген. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, алгачкы тергөө иштерин жүргүзүшкөн учурда маркум Ноокат районунун Кеңеш айылынын 2003-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. Күбөлөрдүн айтымында, маркум өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жыгылып, ошол жерден каза болгон. Кеңеш айылындагы орто мектепте окучу. Сурак учурунда ата-энеси баласы биринчи чейректен кийин эс алуу убагында акча табуу максатында Ош шаарында иштеп жүргөнүн билдиришти. Алар баласынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Тергөө иштери уланууда», — деди Абсатар Тавакалов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>