Site icon Reporter.kg

Ошто унаасы суунун жээгинен табылган 33 жаштагы адам изделүүдө

Ошто куткаруучулар 33 жаштагы адамды издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1988-жылы туулган эркек киши 17-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аталган жарандын жеңил унаасы, унаа базардын жанындагы Кайырма суусунун жээгинен табылган.

28-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган.

Exit mobile version