Ош шаарында унаасынын алдынкы каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.
Айдоочуга 20 миң сом айып салынып, унаасы айып короого коюлган.
Учурда өлкөдө унаанын алдынкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын акысы жарандар үчүн 50 миң сомду түзөт.
Унаанын айнектерин караңгылаткысы келгендер үчүн акция өткөрүү сунушталууда