Ош облусунда уурулукка шектүүлөр кармалып, алардын бири адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-майда М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Мыйзам-Ата» аттуу дүкөнүнөн 85 миң сом акчасын жана 13 миң сомдук товарын уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Алар Ош облусунун тургундары — 1982-жылы туулган Д.А. жана 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар экени такталган.
Шектүүлөр мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган. Андан тышкары, шектүүнүн бирөөсү Д.А. Россияда киши өлтүрүү беренеси боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон. Учурда шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматында.
Алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз