Ошто уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы, кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү 39 жаштагы М.У. (мурдагы аты К.Э.) аттуу адамды кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мурда бир нече жолу соттолгон “Казак”  уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

Ал 9-октябрь күнү Ош шаарындагы эс алуу жайлардын биринде, 23 жаштагы бала менен уруша кетип учтуу нерсе менен желкеге жана оң каруусуна сайып салганы үчүн кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Шектүү сурак учурунда өзүн начар сезгендигине байланыштуу адвокаты тарабынан «тез жардам» чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынды.

Ош шаардык миилциясы «Казак» каймана аты бар М.У аттуу адамдан жабыр тарткандар болсо-03222-2-46-78 номери аркылуу кайрылууну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>