Site icon Reporter.kg

Ошто үч жашар наристе чарчап калды. Жакындары себебин жашырууда

Ошто үч жашар наристе каза болуп, жакындары себебин жашырышууда. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова  Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, наристени жакындары дароо көмүп, милицияга билдиришкен эмес. Укук коргоочу чара көрүү өтүнүчү менен Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылган.

Ош шаардык милициясы бул маалымат текшерилип жатканын айтып, Назгүл Турдубековага тынчсыздангандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Назгүл Турдубекова өлкө президентине жана УКМКнын жетекчисине да кайрылып, ал 2020-жылдан бери Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу өтүнүчү менен бийликке кайрылып жатканын айтты. Ал кырдаал күндөн-күнгө оорлоп жатканын кошумчалады.

«Быйыл Орусияга Кыргызстандан дагы көп мигранттар келишти. Алардын балдарын кантип коргойсуңар? Алар дагы кароосуз калышты», — деп Назгүл Турдубекова бийликке кайрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version