Ошто жүк ташуучу унаа 1-класстын окуучусун өлтүрө сүзгөн

Ошто жүк ташуучу унаа 1-класстын окуучусун өлтүрө сүзгөн

Ошто жүк ташуучу унаа 1-класстын окуучусун сүзүп кетти. Окуучу алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кырсык бүгүн, 4-мартта болжол менен саат 13:00дө Исхак Раззаков менен Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

«Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2013-жылы туулган А.М. аттуу окуучуну сүзгөн. Бала алган жаракатынан улам каза болду. Айдоочу 1977-жылы туулган А.У. экени аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>