Site icon Reporter.kg

Ошто жаңы аэробекеттин курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 14-февралда «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалыматка катчысы Аскат Алагозов билдирди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Президент «Ош» аэропортун транспорттук түйүн гана эмес, туризм жана бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө болгон экономикалык маанилүү борборго айландырууну көздөп жатышканын айтты.

Жапаров аймактарда бир нече аэропорт оңдоп-түзөөдөн өткөнүн, айрымдарында оңдоо иштери жүрүп жатканын айтып, жакында Жалал-Абадда эл аралык аба майдандын курулушу башталарын билдирди.

Ошондой эле буга чейин мамлекет эки Bombardier Dash 8-400 учагын сатып алганын, быйыл дагы эки жаңы учак келерин сөз кылды.

Анан айтымында, 1974-жылы курулган «Ош» аэропорту мезгил өтүп, заман алмашып, жүргүнчүлөрдүн агымынын, жүктөрдүн жана каттамдардын санынын өсүшү менен кардарларды толук кандуу тейлей албай калды.

«Мисалга алсак, 2021-2024-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн агымынын туруктуу өсүү динамикасы дээрлик 47%ды түздү. Башкача айтканда, жүргүнчүлөрдүн саны 4 млндон 6 млн чейин көбөйдү.

Жаңы аэробекет комплекси, буюрса, аэропорттон саатына 900 жүргүнчүнүн учуп-конуусун тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», — деди ал.

Жаңы аэробекеттин курулушу «Кыргызстан аэропорттору» тарабынан каржыланып, курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.

Exit mobile version