Site icon Reporter.kg

Ошто жаңы экотуризм маршруттары ачылат

Ош облусунда туристтер үчүн жаңы велоспорт, треккинг жана ат минүү багытындагы үч туруктуу маршрут ачылмакчы. Бул демилге “Дестинация Ош” коомдук бирикмеси тарабынан Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.

Маршруттар Мурдаш, Кожо-Келен, Кыргыз-Ата жана Кара-Шоро сыяктуу кооз, бирок көпчүлүккө белгисиз аймактарды камтыйт. Жаңы турлар экологиялык тазалыкка, жергиликтүү элдин катышуусуна жана маданий мурастарды сактоого басым жасайт.

Каттамдар Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондорун камтыйт. Долбоор 2025-жылдын 20-октябрына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Exit mobile version