Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунист айылында “Эне-Сай” жаңы конушунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Жаңы шаарчанын пайдубалына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, “Куньлунь” курулуш компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышышты.
Жаңы конуш кытайлык “Куньлунь” курулуш компаниясы тарабынан курулат.
Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында түптөлөт.
«Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет»,- деп билдирди мэрия.