Site icon Reporter.kg

Ошто жаш жигит Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен

Ошто жаш жигит Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган жигит чөгүп кеткен.

Издөө иштерине 10 куткаруучу тартылып, алар чөгүп кеткен жигиттин сөөгүн суудан алып чыккан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version