Ошто жеке кызыкчылыгы үчүн киши өлтүргөн шектүү кармалды

Ошто жеке кызыкчылыгы үчүн киши өлтүргөн шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан бүгүн, 26-мартта эрте менен Ош шаарынын тургуну,  1986-жылы туулган, Б.А.ны  өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Кармалган учурда ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ эски тааныштарынын биринин үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалды. Далил буюм катары адам өлтүү үчүн пайдаланылган, колдо кыскартылган ок атуучу курал алынды.

Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «пайда көрүү максатында  киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жаӊы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилет.

Мурда кабарлангандай, 23-март күнү эрте менен Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнүн жол боюнан азиат улутундагы, жашы 30-35 чамасындагы жарандын жансыз денеси табылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>