Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан №18 балдар бакчасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган бала бакча 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган. Жыйынтыганда баасы 120 млн сомду түзгөн бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды.