Ош облусунун Кара-Суу районунун Жыны-Арык айылында «Тойота Камри» үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, жардан кулап кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, натыйжада 3 эркек адам болжол менен 29 жаштардагы А.А., . Ж.Т уулу жана . Ж.А. аттуу жарандар жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Кырсыктын кесепетинен унаадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 00:50дө Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 01:35те толугу менен өчүрүлгөн.