Ошто жер титирөө катталды

Ошто жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө  катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  26-мартта саат 18:44тө облус аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Кара-Шоро, Каблан-Көл айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>