Site icon Reporter.kg

Ошто жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 19:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version