Ошто жигули менен оор жүк ташуучу автоунаа кагышып 2 адам каза болду

Ошто жигули менен оор жүк ташуучу автоунаа кагышып 2 адам каза болду

Кара-Сууда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя Ош облусунун Кара-Суу району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 663-чакырымында болгон.  Анда  ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четинде турган SCANIA үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары жаракат алгандарды чыгарып, “Тез жардам кызматына”, каза болгондорду ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.   

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кара-Суу Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>