Ошто жоголгон өгүздү уурдаган деп Баткендин тургуну кармалды — сүрөт

Ошто жоголгон өгүздү уурдаган деп Баткендин тургуну кармалды — сүрөт

Ноокат районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 6-декабрга караган түнү Ноокат районунун Кожо-Арык айылында тургундун 4 жашар 2 өгүзүн уурдап кетишкен. 

Бул окуя боюнча “мал уурулук” беренеси менен иш козголуп, иликтөө башталган. Анын алкагында 8-декабрь күнү шектүү катары Өзгөн районунун  Н.К. аттуу 38 жаштагы тургуну жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын У.Э. аттуу 31 жаштагы тургуну кармалган. 

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ал эми жоголгон өгүздүн эттери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мал союучу жайдан табылган.

[su_image_carousel source=»media: 51827,51828,51829,51830″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>