Site icon Reporter.kg

Ошто мыкты мугалимдерге батир жана автоунаа белекке берилет

Ош шаарындагы мугалимдер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө батир жана автоунаа белекке берилет. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагы старт алды. Сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептердин мугалимдери катышат.

Ал эми сынактын баш байгесин жеңген мугалимге «Эмаком» курулуш компаниясынын атынан батир, 1-орунга «Визион» курулуш компаниясынын атынан автоунаа белекке берилет.

Мындан сырткары, 2-орунга Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютерлер, түстүү принтер жана кир жуучу машина, 3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жан чаң соргуч жана 4-орунга «Карс» такси кызматы тарабынан 3 адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо жана сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, сматфондор берилери айтылды.

Exit mobile version