Site icon Reporter.kg

Ошто жылуулук качан бериле баштай турганы айтылды

Ош шаарында 29нан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Жылуулук объекттерге баскыч-баскычы менен 3-4 күндө толук жетет: биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

Exit mobile version