Ошто жыныстык жол менен жугуучу ооруларга акысыз жана анонимдүү текшерүү жүрүүдө

Ошто жыныстык жол менен жугуучу ооруларга акысыз жана анонимдүү текшерүү жүрүүдө

Ош шаарында Бабур атындагы драма театрынын маңдайында көчмө клиника ачылды, анда ар бир адам жашыруун жана акысыз түрдө жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга (ВИЧ, сифилис), В жана С вирустук гепатитине текшерүүдөн өтө алышат. Мындан тышкары кант диабетине да анализ тапшырса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Көчмө клиникада Ош облустук СПИДдин алдын алуу, ага каршы күрөшүү борборунун, ошондой эле Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери жана медициналык кызматкерлери иштешет.

Бейтаптар ушул жуманын ичинде 22-ноябрга чейин күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн кечки 19:00гө чейин бара алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ВИЧ Ош спид

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>