Site icon Reporter.kg

Оштого ири кафелердин бири толугу менен күйүп кетти

Ош шаарындагы “Ала-Тоо” кафесинен толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү саат 03:38 чамасында Масалиев көчөсүнүндө жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинен өрт чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Ал эми өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзгөн. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталып жатканы айтылат.

Exit mobile version