Site icon Reporter.kg

Оштогу батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы батирден 66 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан үйдүн 22-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1956-жылы туулган К.Р. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Exit mobile version