Site icon Reporter.kg

Оштогу каналдан 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Ош шаарында 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Керме-Тоо айылынын кварталында жайгашкан каналга 2019-жылы туулган М.М. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, жансыз дене куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version