Оштогу октон жаракат алгандыгы айтылган спортчу өзүн атып алганбы? (видео)

Оштогу октон жаракат алгандыгы айтылган спортчу өзүн атып алганбы? (видео)

Буга чейин Ошто эки спортчу жаңжалдашып, анын бири Төлөгөн Рахманберди уулу окштон жаракат алгандыгы айтылган.

Тагыраагы, 21-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылында Ош спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев мушкер Төлөгөн Рахманберди уулун  бутка атып окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу өздүк булактарга таянып жазган элек.

Кийин эки сортчу тең “ЭРЕМ” спорт клубунда машыккандыгы тууралуу айтылган.

Аталган фактыны Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтып, бирок толук маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Ал эми аты аталган спортчулардан жаңжал тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жаткан.

Кечээ, 25-сентябрда жаракат алган Төлөгөн Рахманберди уулу «Ош пирим» телеканалына берген маегинде жогруда айтылгандарды четке кагып, тапанча менен бутка өзүн айтып алгандыгы тууралуу малымат берди.

“Бул жерде окуя андай болгон эмес, Кылыч экөбүздүн мамилебиз жакшы. Биз ошол күнү жолугуп машинеде сүйлөшүп отурганбыз. Анан Бекболот деген иним тапанча таап алыптыр, мага крүп бериңиз деди. Мен мурунку миилция кызматкеримин да. Көрүп атып, басып алдым, ичинде октолуу бойдон экен. Болгону ушул, ар ким ар кандай ушактарды таратып жатат”, — деген ал.

Интернетке жарыяланган видеодон Төлөгөн Рахманберди уулун көзүнүн көгөрүп турганын көрүүгө болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>