Site icon Reporter.kg

Оштогу Папан ГЭСи 2027-жылдын аягында ишке киргизилери айтылды

Кыргызстандагы энергетикалык тартыштыкты жоюга багытталган долбоорлордун бири болгон Ош облусундагы Папан ГЭСин курууга даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Папан ГЭСи Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт·с болот.

Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Чакан ГЭС» ААК жана «Гидроэнергетиканы куруу боюнча биргелешкен кыргыз-кытай коому» ЖЧК тарабынан ишке ашырылууда.

ГЭСтин курулуш иштерин болжол менен 2027-жылдын 4-кварталында аяктап, ишке киргизүү пландалууда.

Exit mobile version