Site icon Reporter.kg

Оштогу сел 2 кызды дагы Өзбекстанга агызып кеткен

Оштогу Төлөйкөн айылындагы «Мөл булак» эс алуу борборунда селге агып кеткен үй-бүлөнүн эки кызынын сөөгү Анжиян шаарынын Шахронсой сайынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

19 жана 10 жаштагы кыргыз жарандарынын сөөгүн Өзбекстандын куткаруучулары таап, өлүкканага жеткиришкен.

Белгилей кетсек, сел 7 жашар кызды дагы ушул эле сайга агызып келген. Алардын 44 жаштагы апасынын сөөгүн куткаруучулар бүгүн Ак-Буура дарыясынын жээгинен алып чыгышты.

Жергиликтүү медианын маалыматында, аял көп жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Үй-бүлөсү менен улуу кызын турмушка узатканы Ошко келишкен. Сел жүргөн күнү күйөөсү жана уулу үйдө калган.

ӨКМ дагы бир аялды издөөдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version