Site icon Reporter.kg

Оштогу сел агызып кеткен аялдын артында жети баласы калды

Ошто базарда сел агызып каза болгон 39 жаштагы Айнагүлдүн артында жети баласы калды. Алардын алтоосунун жашы жете элек. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Укук коргоо уюмунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп, туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, маркумдун 2 күндөн кийин Өзбекстандын аймагынан табылды. Күйөөсү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон аялынын жасаты табылганча суу каналдарын ачпай туурууну өтүнгөн.

14-июлда болгон селде 5 киши көз жумду. Алардын төртөө — бир үй-бүлө мүчөлөрү.

Exit mobile version