Site icon Reporter.kg

Оштогу сел. Жабыркаган үйлөрдүн саны 788ге жетип, жоголгондор изделүүдө

Ош облусунда кечээги селден жабыркаган үйлөрдүн саны 788ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Андан тышкары, 4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАПга суу кирген.

Ош шаары боюнча жабыркаган үй жана социалдык объекттердин саны өзгөргөн жок.

Калаадагы башкы базар тазалоо иштерине байланыштуу жабык.

«Шаар тургундары тазалоо иштерине жолтоо болбой, базар жакка келбей туруңуздар», — дейт мэрия.

ӨКМ дайынсыз болуп жаткан 4 адамды издөө иштерин улантууда. Алар кечээ селга агып кетишкен.

Оштогу селдин кесепети. 500гө жакын үй, 10 мал, 17 унаа жабыркады

 

 

Exit mobile version