Site icon Reporter.kg

Оштогу селде жабыркагандарга мамлекет канча сомдон берери айтылды

Оштогу селде жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сел жүргөн аймактарды карап чыгып жатып билдирди.

Ал бузулган үйлөрдү оңдоо үчүн 30-июлга чейин 500 миң сомдон жардам бөлүнөрүн айтты.

«Мамлекет силерди жалгыз калтырып койбойт. Толук жардам болот. Үйлөр кышка чейин бузулушу керек. ӨКМ, жергиликтүү бийлик, аскерлер сиздерге көмөктөшөт», — деди ал.

Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы базарды көчүрүүнү дагы убадалады.

«Ак-Бууранын жээгиндеги жайлар жылат. Базарды мэрия 2 айда көчүрөт. Аталган дарыянын жээгине эс алуу жайларын курууга уруксат бергендер жазаланат», — дейт ал.

Камчыбек Ташиевдин маалыматында, жамгыр жаап, сел жүргөн күнү Папан суу сактагычынан адаттагыдан ашыкча, секундасына 59 куб метр агызылган.

Оштогу сел агызып кеткен аялдын артында жети баласы калды

Exit mobile version