Site icon Reporter.kg

Оштогу транспорттук карталар: кайдан алып жана кантип комиссиясыз толуктаса болот?

Ош шаарынын тургундарынын эсине! MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы менен биргеликте эсиңиздерге салат: коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү үчүн жол кирени накталай эмес, электрондук транспорттук карта аркылуу төлөө, ошондой эле картаны MegaPay тиркемесинен комиссиясыз толуктоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Электрондук картаны кайдан сатып алса болот?

Картаны Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынан алсаңыздар болот.

Пенсионерлер, окуучулар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жеңилдиктер каралган карталарды алуу үчүн жеңилдик алуу укугун тастыктоочу жеке документтерин көрсөтүүлөрү керек. Калган башка категориянын жүргүнчүлөрү эч кандай документсиз эле электрондук транспорттук карталарды сатып ала алышат.

Эскерте кетели, транспорттук карта менен жол кире акысын төлөө 8 сом, ал эми накталай төлөм жүргүзсө 10 сомду түзөт.

MegaPay тиркемеси аркылуу картаны кантип комиссиясыз толуктаса болот?

Даяр! Кызмат үчүн комиссия – 0 СОМ.

MegaPay – сиздин жашооңуздагы көп кырлуу жардамчыңыз!

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version