Site icon Reporter.kg

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Дагы бир шектүү кармалды

Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу издөөгө алынган дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары Э. А. аттуу жаран кармалган.

«Адам өлтүрүү фактысын иликтөөнүн алкагында анын катыштыгы бар экени аныкталып, издөөгө алынган. Ал бүгүн Ош шаарынын аймагынан Аймактар аралык уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ал Ош шаардык милициясынын тергөө кызматына алынып келди. Учурда тергөөдө сурак берип жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, дагы бир оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын арасында Актилек Абдивали уулу да болгон. Ал милицияга өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө берип, окуя болгон учурда башка жакта болгонун билдирген. Ал тилкат менен кое берилип, камакка алынган эмес. Ошол эле учурда милиция анын көрсөтмөсү текшерилерин билдиришкен.

Аталган окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир нече адамды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалган.

Оштогу адам өлтүрүү окуясы: Милиция шектүүлөрдүн мурунку кылмыштарын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version