Site icon Reporter.kg

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Үчүнчү шектүү кармалды – видео

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүү делип үчүнчү жаран кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

14-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан  издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек Өзгөн районунан кармалды. Кылмыштын бетин ачуу боюнча иштер уланууда.

Буга чейин Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүү делип эки жаран кармалганы маалымдалган.

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. аттуу жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген.

Бул факт Ош ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

Буга чейин аталган кылмышты уюштурууга шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Кылмышка катыштыгы бар делген үч адам издөөгө алынган:

  1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

Шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы Коргонбай уулу Эламан — ММА мушкери. Ал ММА боюнча мелдештерге, анын ичинде Азия биринчилигине катышып жүргөн. Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону экени белгилүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version