Site icon Reporter.kg

Оштогу жапырт уулангандардын сегизи ооруканадан чыга элек

Ошто кондитердик азыктан жапырт ууланган сегиз адам ооруканада жатат.  Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет күн ысык маалда тамак аштарды дыкат көзөмөлдөп,  атайын маркировкасы жок жана сертификатсыз, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды жебөө керектигин эскертти.

Муну менен катар Ош шаардык мэриясы бул иш боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде бардык чараларды көрөөрүн белгиледи.

Жалпысынан 1-майдан 3-майга чейин Ош шаарынын медициналык мекемелерине тамак-аштан ууланып 40 адам түшкөн. Анын  анын ичинен 14 жаштан 21 жакша жашка чейинки балдар жана 19 жаштан жогорку чоңдор бар.

Exit mobile version