Site icon Reporter.kg

Оштогу жыгач базардан өрт чыкты (видео)

Такталган маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Андижан айылынын Касымбеков көчөсүндө базардын аймагында жыйылган жыгачтардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпысынан 5 бөлүм тартылып, таңкы саат 4:44тө чектөөгө алынган.

Жыгач базардан чыккан өрт саат 17:15те толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version