Site icon Reporter.kg

Оштон Анталияга алгач ирет чартердик каттам ачылды

2022-жылдын 3-июнунда «Ош» эл аралык аэропортунда Ош-Анталия багыты боюнча биринчи чартердик каттам ачылды. 184 жүргүнчү Ош шаарынан Анталияга учуп кетти. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан Анталия-Ош-Анталия багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү) аткарылат.

Exit mobile version