Site icon Reporter.kg

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдар жанданды

Ош шаарынан Ысык-Көл облусуна аба каттамдар жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Манас Самидинов билдирди.

Бүгүн, 21-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду.

Кыргызстандын экинчи борбор калаасынан 96 жүргүнчү учуп келди.

Июль айынан тарта Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарылат деп пландалууда.

Exit mobile version