Site icon Reporter.kg

Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

1-июлда “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту быйылкы жайкы сезондо Ош шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Оштон биринчи рейс менен 100 жүргүнчү учуп келсе, Ошко 96 жүргүнчү учуп кетти.

Tez Jet Airlines авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча жумасына алты жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) учууну пландоодо.

Каттам сентябрга чейин ачык болот.

Exit mobile version